Теке 11, 2025
Убакыт: 00:30
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Саламаттык сактоо министри Жалал-Абаддагы санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын иши менен таанышты

10.07.2025 15:56
24
Саламаттык сактоо министри Жалал-Абаддагы санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын иши менен таанышты


Кечээ саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусундагы санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын иши менен таанышты. 


Ведомствонун маалыматына караганда, ал Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондорунда болуп, кызматтардын инфраструктуралык абалына, кадр менен камсыз болуусуна жана модернизациялоо, жаңы объектилерди куруу боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурду.


Чаткал районунда 2016-жылы курулган лаборатория бар болгонуна карабастан, кадр тартыштыгы курч — бул жерде жалгыз гана адис эмгектенет. Ал эми административдик имарат начар абалда. Министр жеринде санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген жаңы бир кабаттуу имараттын долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.


Ала-Бука районунда санитардык-эпидемиологиялык борбордун имараты авариялык абалда турат. Объект боюнча долбоордук-сметалык документация бекитилгенине карабастан, ал 2025-жылга карата капиталдык курулуштун титулдук тизмесине киргизилген эмес. Министр бул маселени өзгөчө тартипте карап чыгып, объектти артыкчылыктуу курулуштардын тизмесине кошууну тапшырды.


Аксы районунда жаңы имараттын курулушу менен таанышкан министр, курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатканын белгиледи. Объектти ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.


"Санитардык-эпидемиологиялык кызмат — элдин саламаттыгын коргоонун негизги тиреги. Бул тармакты бекемдөө — инфраструктура жана кадрлар боюнча — өзгөчө алыскы райондордо — биздин приоритетибиз бойдон калат", — деп баса белгиледи министр Эркин Чечейбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн