Бугу 03, 2025
Убакыт: 12:55
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 млндан ашык вакцинанын жакында келишин четке какты

05.07.2021 13:20
622
Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 млндан ашык вакцинанын жакында келишин четке какты

Буга чейин айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына 1 миллион 200 миң Синофарм вакцинасы 10-июнга чейин Кытайдан Кыргызстанга алынып келинип облустарга бөлүнүлүп бериле турганы жазылган. Бирок министрлик "Супер.кг" порталына маалымат берип, аны четке каккан.


"Бизде мындай маалымат жок. Вакцинанын качан келери азыркы күнгө чейин белгисиз болууда", - дешти аталган мекемеден.


Буга чейин Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө 1 миллион дозадан ашуун вакцина сатылып алынганы боюнча жазылган. Бирок кандайдыр бир себептер менен Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү кечигүүдө. Кечигип жатышынын себеби боюнча расмий маалымат айтылган жок.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн