Кулжа 17, 2025
Убакыт: 20:41
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Саламаттыкты сактоо министрлигине кошумча 110,8 млн сом бөлүндү, - министр

06.07.2020 16:34
1114
Саламаттыкты сактоо министрлигине кошумча 110,8 млн сом бөлүндү, - министр


Бүгүнкү күнгө карата Саламаттыкты сактоо министрлигине кошумча  110,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жеенбаева 6-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, анын ичинде саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине, оорунун очогунда иштегендерге, компенсацияларга 17,8 млн сом берилди. Ошондой эле, ПЦР-диагностикасына керектүү материалдарды алууга 93 млн сом жумшалды. Мындан тышкары, дем алдыруучу аппараттарды алууга  49,3 млн сом берилди. 


"Донорлордон каражаттар келе баштады. Учурда келишимдер түзүлүп, алып келүү башталды. Биринчи сумма 9 млн доллар, калганы дагы колдонулат. Ошол эле учурда республикалык бюджеттен ар кандай муктаждыктарга каражат бөлүнүүдө", - деди министр. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн