Кулжа 22, 2025
Убакыт: 06:55
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Сауд Аравия ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү

20.04.2022 16:45
556
Сауд Аравия ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү

Кечээ, 19-апрелде Сауд Аравиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.


“Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравия чукул маалымат тараткандыктан улам убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөрдү жүргүзө баштайт”, - деп айтылат маалыматта.


Азырынча төлөмдүн суммасы айтыла элек.


Ажылык сапарынын төлөмдөрү беш күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.


Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:


1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;


2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;


3. Сауд Аравиясынын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн