Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 17:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант Чолпонбек Сыдыкбаев: “Нуржигит Кадырбеков келээрки шайлоодо Мадумаровду артка калтырса, Адил менен Медер оппозициянын туусун татыктуу көтөрө алышат”

14.02.2023 09:08
7719
Саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант Чолпонбек Сыдыкбаев: “Нуржигит Кадырбеков келээрки шайлоодо Мадумаровду артка калтырса, Адил менен Медер оппозициянын туусун татыктуу көтөрө алышат”



Он жылдан ашты. Саясий илимдердин кандидаты, күчтүү аналитик Чолпонбек Медеркулович менен кыргыз саясатынын күңгөй-тескейин иликтеп-жиликтеп, бул жааттагы көрүнүштөрдү реалдуу жагдайда сунуш пикир аркылуу тизмектеп келдик. Мындай жүрүшү менен каарманым жайнаган “күн карама” серепчилерден ат чабым айырмаланат. Өзгөчөлүгү ушунда. 


-Учурда кыргыз саясатында кырктын ары-бери жагындагы Нуржигит Кадырбеков, Жанар Акаев, Медер Алиев, Марлен Маматалиев, адилеттүүлүктүн жарчысына айланышкан Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Жеңиш Молдокматов, Айбек Бусурманкулов баштаган тыңчыкмалар кыргыз саясатындагы ондун бирине айланышкан чагы. Мындай топ күлүктөрдүн келечегин сыдыргыдан кандай өткөрөөр элеңиз?


-Чоң саясат билимди, интеллектти, чечендикти эле талап кылбастан эрктүүлүктү, чечкиндүүлүктү, керек болсо амалкөйлүктү, оттон суудан кайра тартпаган кашкөйлүктү да талап кылат. Сен аттарын атаган саясатчылар саясатта өз ордуларын таап келе жатат. Негизи эле жашоо турмуш, саясат оомал-төкмөл, төө өркөчтүү өнүгөт... Саясатта да муун алмашат, бул турмуштун диалектикасы, мыйзам ченемдүүлүгү. Сен ысымдарын атаган жигиттер биздин көз алдыбызда саясатчы катары ар тараптан такшалып, күчүнө кирип келатышат. Мисалы, объективдүү жана субъективдүү факторлордон улам келээрки шайлоолордо Нуржигит Кадырбеков электоратынын көптүгү боюнча Мадумаровду артка калтырышы күтүлөт. Жанар Акаев конъюктурадан алыс болуп, сөз эркиндиги, демократиялык принциптери боюнча туруктуу позицияда келатканы кубандырса, Жеңиш Молдокматов кылычтай курчтугу, өткүрлүгү менен өзүн эрктүү саясатчы катары көрсөттү. Адил Турдукуловго, Женишке, Медер Алиевге, Мавлян Аскарбековго окшогон саясатчылар саясий оппозициянын туусун татыктуу көтөрүп кетчү саясатчылар деп эсептейм.


Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ.



Булак: №10, “Эркин-Тоо” гезити. 2023-жылдын 10-февралы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн