Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:58
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сеид Атамбаев, ЖК депутаты: “Мен “президенттин баласы” деген азапты тарткан жокмун”

21.11.2023 10:12
614
Сеид Атамбаев, ЖК депутаты: “Мен “президенттин баласы” деген азапты тарткан жокмун”


- Сеид Алмазбекович, “президенттин уулу” деп башта карегиңер менен тең айлангандар депутат болгонуңузда мамилесин өзгөрткөн жокпу?


- Негизинен, убагында атам президент болуп турганда үй-бүлөбүз менен эл арасында жөнөкөй эле жашоодо жашадык. Саясатка да аралашкан жокпуз. Ошондой эле мамлекеттик кызматта да иштеген жокмун. Ошол себептен окшойт, президенттин уулу катары эч бир мамиле өзгөргөн жок. 


Ал эми депутаттык кызмат абдан жоопкерчиликтүү. Аламүдүн району стратегиялык маанидеги райондордун бири. Анткени, борбор шаарыбызга жакын жана калк жыш жайгашкан, ички миграциянын агымы чоң, ошол себептен чечилбей жактан маселелер көп. Жергиликтүү жана аткаруу бийлигинин максаттарына жана жоопкерчилигине жараша мен көтөргөн көйгөйлөрдүн, сунуштардын аткарылышына эл баа берет деп эсептейм.


- Атаңыз Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугу кандай?


- Кудайга шүгүр, азыркы учурда атамдын ден соолугу канааттандырарлык. Ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. 


- Бир тууган иниңиз Сейтек Атамабаев Фейсбукка “КСДП шакалдардын партиясы, Соке менен АША бийликке келбеши керек!” деп жазды го... Буга кандай комментарий бересиз?


- Өткөн жумада иш сапар менен чет өлкөдө болдум, менин иним “Сейтек жазды” деген комментарийди тилекке каршы мен көргөн жокмун. 


- Президенттин баласы болгондун жыргалчылыгы көппү же түйшүгүбү?


- Жогоруда айтып кеткендей, убагында атам президент болуп турганда үй-бүлөбүз менен эл арасында жөнөкөй эле жашоодо жашадык. Бирок, президенттин баласы катары мамлекет башчыны сөзгө, сынга калтырбайлы (!) деп ар бир кадамыбызды чоң жоопкерчилик менен шилтедик. Ошол себептен, бүгүнкү күндө качкын болбой, эл кызматында жүрөбүз. Ошон үчүн мен “президенттин баласы” деген азапты тарткан жокмун. Болгону, саясый оюндардан улам 2019-жылы кыйынчылыктарга туш болдук. Андан турмуштук сыноо жана саясый сабактарды алдык десем болот.


- Министрлер кабинетинин башчысынын салык саясаты жана Кыргызстандагы кадр саясаты купулуңузга толобу?


- Бүгүнкү салык саясаты негизинен өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алынып, салык реформасын ишке ашырып жатышат. Бирок, элибиздин жашоо шартын, бизнес шарттарын эске алуу менен бирге Кыргызстандын өзгөчө моделдик салык саясаты болушу керек. Кадр саясаты дагы абдан маанилүү, анткени мамлекеттик деңгээлдеги реформаларды, пландарды ишке ашырууда башкы ролду кадрлар аткарат. 


- Коррупция кыйрап, бюджетибиз толуп атса, эмнеге анда Кыргызстанда эки жарым миллионго жакын адам жакырчылыкта жашайт? 


- Бүгүнкү күндө коррупция менен аёосуз күрөшүү негизги багыттардын бири болуп турат. Коррупция илдети бүт тармактарды жаралаган. Ошол себептен, ар бир жаран коррупция менен күрөшүүгө милдеттүү. Айырмасы жок, сен жөнөкөй дыйкансыңбы же министрсиңби, эң башкысы, өзүбүздөн башташыбыз абзел. Ошондо гана коррупция илдетинен арылабыз. Сиз туура белгилегендей, тилекке каршы, эки жарым миллионго жакын элибиз жакырчылыкта жашап жаткандын да бирден-бир себеби коррупция илдети. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн