Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК коронавирус аныкталган учурду жашырып жатат, - Сурабалдиева

01.04.2020 11:44
6737
УКМК коронавирус аныкталган учурду жашырып жатат, -  Сурабалдиева

  

Чүй облусунун Сокулук районунда коронавирус катталгандыгы боюнча маалыматты жокко чыгарып, УКМК абалды элден жашырып жатат, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйында.


Анын айтымында, ал кечээ, 31-мартта Сокулукка барып, 40 киши обсервацияда жатканын өз көзү менен көрүп келген.


Маалымат булактарында Сокулукта илдет катталгандыгы боюнча маалыматты жокко чыгарып, аны тараткан адамды мажбурлап кечирим суратып жатасыздар. А бирок азыр 40 адам обсервацияда жатат, демек аныкталганы чын да. Сиздер элди алдап, жашырып, баштарын айландырып жатасыздар”, - деди ал УКМКнын өкүлүнө кайрылып.


Депутаттын айтуусунда, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкеринин Дубайдан келген жубайынан коронавирус аныкталган. Азыр администрацияда 40 адам жаткырылып, райондо карантин жарыяланды.


"Ачыкталган маалыматты элден жаршырып, кечирим суратып кайра жокко чыгарып башын айлантпагыла”, - деди Сурабалдиева

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн