Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сокулукта жер мунапысы боюнча иштеген адистерге карата тинтүү жүргүзүлгөн

24.05.2023 09:08
8172
Сокулукта жер мунапысы боюнча иштеген адистерге карата тинтүү жүргүзүлгөн

"Жоо кеткенден кийин кылычын ташка чапкан эргулдар" 


Бүгүн, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы мурдагыдай болбой кунарсыз үн каптап, бозоруп турат!

Ээнсирген имаратка эмне болду десек, көрсө кечээ күнү милиция кызматкерлери жана бир нече адамдар келип, жер мунапысы боюнча иш алып барып жаткан балдардын компьютерин, телефонун алып, андан кийин жашаган үйлөрүн аңтарыптыр. 

Айткандарына караганда буларды Сокулуктан бир нече гектар жерлерди саткан деген имиш чыгыптыр, жакамды кармадым, бир чети күлкү келди. "Ак-Ордо-3" конушунда даараткана сала турган жер жок анан кайдагы жерлерди сатат?! Жерчилер мурун эле сатып бүткөн, капырай десең, мындан он жыл мурун так ушундай текшерип, айттырбай кирип келгенде эмне? Атаң көрү дүйнө, жоо кеткенден кийин кылычты ташка чаап, баатыр боло чыкмай жайыбыз бар... 


Жаңы конуштун эли күн сайын жаңы тизме чыгабы деп энесин күткөн баладай аңдып турушат. Бүгүн, бир нече адамдардын аты - жөнү айыл өкмөтүнө илинет эле, ИИМ кызматкери аял ушакка ишенип, иштей турган жигиттердин компьютерин, чөнтөк телефонун, иш кагаздары текшерүүгө алынып, миңдеген жашоочулардын жаңы тизмеси чыкпай калды. Айыл өкмөтүнө жаңы тизме илинсе согуштан атасы тирүү келгендей сүйүнмөкбүз... Айыл өкмөтүнө жаңы тизмени Сокулук акимчиликтеги (Жер мунапасы боюнча) балдар дайындайт...


Урматтуу ИИМ кызматкери, урматтуу тартип сакчылары, сиздерге мындай ушак-айың маалыматты ким тартканынын, кимдер арыз жазганын ачык айтып, канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин коомчулукка расмий түрдө айтып коюңуздар! Эгерде, чындап эле Жер мафиясына аралашкан болсо анда мыйзам чегинде жооп бериши керек, эгерде эч нерсе таба албай калсаңыздар анда миңдеген адамдардан кечирим сурап коюңуздар...

Баса, жер саткан көпөстөр жыргап, сайрандап эл аралап жүрөт, аларды бастырып кирип текшерүүгө болобу?! Же аларга эч кимдин духу жетпейби?! 

Урматтуу ИИМ кызматкери,сөзүмдүн аягында бир суранычым бар, жер саткан көпөстөр күн сайын жерлерди арестке койуп жатат, ушул боюнча карапайым элге жардам берип коюңуздарчы?


Мирбек Осмонов, активист 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Абалканова Чолпон Руслановна
Бул эмне деген шумдук, 1эле адам күткөн жок да кызыл китепти, көпчүлүк күтүп жатат да, ИИМ өздөрү үчүн иштегени кандай кетти, эл үчүн иштеген кызматкер барбы негизи, эл үчүн иштебеген кызматкерди кетириш керек анда..
Венера
Жерчилердин онору чыгып атат да крышалары куч булардыкы
Бермет
Туура айтамын ,Мирбек жерди саткан аферист аялдар канчага чейин кыйнашат бизди,мен да РОВД арыз жазганмын 3,5ай болду эч жыйынтык жок,жерчилер буларга да суйлошуп койгонбу
Максат
Мамилекет элди коргобой эле кордоп баштады го окунучтуу