Тогуздун айы 27, 2025
Убакыт: 13:07
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.085
1.115

Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келип, анализ тапшырды

25.06.2020 08:29
1602
Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келип, анализ тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Россиянын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.


Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.


Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн