Баш оона 04, 2025
Убакыт: 23:26
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

«Сосновка», «Арал» постторунан чектөөлөр алынды

22.09.2020 14:16
1289
«Сосновка», «Арал» постторунан чектөөлөр алынды


 Жайыл районундагы «Сосновка», Токтогул районундагы «Арал» постторунан оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады. Чектөөлөр бүгүн, 22-сентябрь күнү саат 06:00дө алынды.


ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек—Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарды алдын алуу максатында аталган посттордо убактылуу чектөө киргизилген болчу.


Бишкек—Ош унаа жолундагы ашууларда 18-сентябрга караган түнү жааган кардын калыңдыгы 10-15 см болгон. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Суусамыр — Талас жолундагы Өтмөк ашуулары ошол эле күнү кардан тазаланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн