Баш оона 27, 2025
Убакыт: 00:07
USD
87.10
87.60
EUR
101.10
102.10
RUB
1.080
1.110

Сот Адилет Балтабайга 3 жылдык пробациялык мөөнөт белгиледи

11.11.2022 12:09
425
Сот Адилет Балтабайга 3 жылдык пробациялык мөөнөт белгиледи

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин (Адилет Балтабай) иши каралды. Ал 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыкты.


Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип, камакка алынган. Ал 30-июнда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.


1-ноябрда сот анын камак мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узартып, айыпталуучуга өкүм чыгарын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн