Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сот Шайлообек Атазовдун депутаттык мандатын жокко чыгарды

06.03.2024 14:34
279
Сот Шайлообек Атазовдун депутаттык мандатын жокко чыгарды


Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.


Маалыматка ылайык, Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.


Мыйзам бузууларга байланыштуу Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко Абдурахманхажи Муртазалиев кайрылган. Муртазалиев 22-февралда ушундай эле арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, БШК арызды канааттандырган эмес. Ал бул чечимге каршы сотко арыз берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн