Өкмөт бааларды турукташтыруу үчүн социалдык маанилүү товарлардын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жаңы тартип киргизүүнү көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоору коомдук талкууга илинди.
Ага ылайык, дүкөндөр жана соода тармактары социалдык маанилүү азыктарды сатууда кошулуучу үстөктү 5 пайыздан ашырбоого тийиш. Эгер бул товар Кыргызстанда чыгарылбаса, анда импорттук баага да 5 пайыз гана үстөк кошулушу керек. Жергиликтүү өндүрүштүн башка товарларына да ушул чектөө колдонулат.
Өкмөт бекиткен социалдык маанилүү товарлардын тизмеси:
- биринчи сорттогу буудай уну;
- биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан, тандыр нан);
- 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт;
- өсүмдүк майы;
- каймак май (туздалбаган, 72,5%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз);
- эт (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы);
- кумшекер;
- күрүч (тазаланган, ак);
- макарон азыктары (вермишель, спагетти, рожки);
- тоок жумурткасы;
- жашылчалар (картошка, сабиз, пияз);
- көмүр;
- АИ-92 маркасындагы бензин, дизель майы;
- суюлтулган көмүр-суутек газы (СКГ);
- минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы, карбамид, аммофос).
- айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн