Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү жана аны кыйла натыйжалуу колдонууга өбөлгө болуучу механизмдерди иштеп чыгуу, ошону менен бирге, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө видеоконференц байланышты жакшыртуу болуп саналат.
Ошентип, мыйзамда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин төмөндөгүлөрдү белгилеген ченемдер менен толуктоо каралган:
− “видеоконференция байланышы” жана “трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)” түшүнүктөрү;
− айыпталуучунун соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө, телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктары;
− милдеттүү түрдө аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу;
− аудио- жана видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиздердин бири болуусу;
− кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн