Теке 02, 2025
Убакыт: 06:52
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Спикер баштапкы класстарды кыргыз тилинде окутууну сунуштады

21.02.2024 14:44
488
Спикер баштапкы класстарды кыргыз тилинде окутууну сунуштады


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады.


"Коңшу Казакстанда 1-4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтөт. Башка тил жок. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек. Баланын тили бала бакчада, башталгыч класста калыптанат", — деди Шакиев.


Мындан сырткары, ал "Мамлекеттик тил жөнүндө" кабыл алынган мыйзамдан кийин тилге болгон мамиле түп-тамырынан өзгөрүшү керектигин белгиледи. Андыктан билим берүү министрин мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн этап-этабы менен деп отурбай кескин, ыкчам чараларды кабыл алууга чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн