Теке 22, 2024
Убакыт: 22:32
USD
84.10
85.00
EUR
91.60
92.60
RUB
0.950
0.980

Сузакта желектин өрттөлүшү. УКМК аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнүн аныктады

05.06.2024 11:10
528
Сузакта желектин өрттөлүшү. УКМК аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнүн аныктады


Сузак районунда аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 29-майынан 30-майга караган түнү Сузак районунун Бек-Абад айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектерин атайылап өрттөп жок кылуу, кийин аларды арабча жазуусу бар ак тууларга алмаштыруу фактысы катталган.

Ушул жылдын 1-июнунда УКМК менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөөнүн уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү аныкталды. Алар Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары жана "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыкты.

Кармалган 19 жаштагы А.К.М. 2005-жылы туулган, 2022-жылы "ХТ" ДЭУнун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарынын арасынан өз алдынча жаңы жактоочуларды тартуу иштерин жүргүзө баштаган. 2023-жылдын күзүндө 2008-жылы туулган 16 жаштагы А.Н. аттуу жаран анын шериги жана окуучусу болгондугу такталды.

Буга чейин "ХТ" ДЭУнун аялдар канатынын мүчөсү болгон А.К.М. 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген.

Алар кылмыштуу ниетин жасоо максатында 2024-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарынан ак кездеме, «Бек-Абад» базарынан кара маркерлер сатып алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 29-майынан 30-майга караган түнү эки катышуучу тең араб жазуусу бар ак желектерди даярдашкан. Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептин башкы дарбазаларында, ошондой эле уюлдук оператор мунарасында КР мамлекеттик желектери алмаштырылган. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде КР мамлекеттик желектери өрттөлгөн.

Бул кылмыштын чоо-жайын иликтөө учурунда "ХТ" ДЭУнун мүчөлөрү А.К.М. аттуу жарандын кылмыштуу пландарынан кабардар болгон.

Мындан улам 19 жаштагы А.К.М. аттуу жарандын 1979-жылы туулган апасы Т.М.Ю. жана 1995-жылы туулган агасы А.у.А. кармалды. Тактап айтканда А.К.М.нын бардык жакын туугандары “ХТ” ДЭУнун жактоочулары болуп, атасы Ш.А.Ш. мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда Россияда иштейт.

Ал эми 16 жаштагы А.Н. тууганынын (таякеси) камкордугунда ата-энесиз өскөн. Ал салттуу исламды карманат.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын уюштуруучусу 19 жаштагы А.К.М. экстремисттик идеологияны Бек-Абад айылынын башка тургундарынан үйрөнгөндүгү такталды. Атап айтканда, 1980-жылы туулган Б.М.Ш. жана 1977-жылы туулган У.З.С. жашы жете электерге үйүндө "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун негиздерин жана идеяларын системалуу түрдө үйрөтүп, ошону менен алардын катарын Бек-Абад айылынын тургундарынын эсебинен толуктап турган.

Буга байланыштуу, алардын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында экстремисттик адабияттар табылган. Ошол эле учурда, алдын ала сурамжылоо учурунда кармалган жарандар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү "ХТ" ДЭУнун мүчөлөрү экенин тастыкташкан.

Кечиктирилгис иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 19 жаштагы уюштуруучу А.К.М., анын 16 жаштагы жардамчысы А.Н., өрттөөнү уюштуруучунун апасы Т.М. Ю. жана уюштуруучунун агасы А.У.А. кармалды. Ошондой эле Б.М.Ш. жана У.З.С. экстремисттик адабияттардын дааватчылары да кармалды. Кармалгандардын баарына тыюу салынган "ХТ" экстремисттик уюмуна мүчө болуу, айрым адамдарга таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактоо айыбы тагылууда. Ал эми өрттөөнүн уюштуруучусуна мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айып тагылды.

Тергөө учурунда бардык кармалган адамдарга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн