Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Т-Медиа: Жалал-Абадда мыйзамсыз деп табылган курулуштарды текшеребиз

27.04.2024 13:13
481
Т-Медиа: Жалал-Абадда мыйзамсыз деп табылган курулуштарды текшеребиз


Жалал-Абадда канча көп кабаттуу үй мыйзамсыз деп табылды? Турак-жайларга кимдер ээлик кылат? "Т-Медиа" компаниялар тууралуу маалыматтарды чогулткан. 

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мыйзамсыз деп 3-апрелде жарыялаган тизмеде Жалал-Абадда салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган он турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары жазылган. 

 

"Дост-Курулуш" ЖЧКсы

Алардын бири Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт Жаштык No23 дарегинде жайгашкан. Имаратты "Дост-Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому куруп, азыр эл жашап жатат. Былтыр Жалал-Абад шаардык прокуратурасы "Дост-Курулуштун" уруксат кагаздары жок дагы бир объектисин аныктаган. Ал имарат калаанын Айтакалов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жерге салынган. Бул боюнча кылмыш ишин козголгонун Tazabek басылмасы жазып чыккан. 2020-жылы май айына карата компанияны ошол маалдагы шаардык кеңештин депутаты Түгөлбай Сейдалиев жетектеген. 


Юстиция министрлиги компания 2023-жылы 24-мартта кайра каттоодон өткөнүн, ага азыр Алтымышов Адилет Нурдинович ээлик кыларын маалымдайт. 



"Аманат Курулуш" ЖЧКсы 

Компаниянын мыйзамсыз салынды делген турак-жайы Мамыр-Батыр көчөсүндө жайгашкан. "Аманат Курулушту" Самибаев Чыңгызбек Жанышбекович жетектейт, ал ээси катары да көрсөтүлгөн. Самибаев 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Жаштар кыймылы" саясий партиясынын тизмесинде талапкерлигин койгон.


Компанияны негиздегендердин башка дагы фирмалары бар. Мисалы, Толубек Карабеков турак жана турак эмес имарататтарды курган "ИБ Капитал" ЖЧКсына, Анарбек Малабаев адистештирилбеген дүң соода менен алектенген "ТЕК 2" ЖЧКсына, Азиз Былтырбаев да ушундай эле ишмердик жүргүзгөн "Жолборс Трейд Сервис" жана Аскат Абдуллаев аки таш жана гипс өндүргөн "Кей Джи Минералс плюс" компанияларына ээлик кылышат. 

"Аманат Контракт" ЖЧКсы

"Аманат Контракт" көп кабаттуу үйдү Сузак районунун Лавдан-Кара көчөсүндө курган. Фирманын ээси ким, кимдин атына катталган? Кандай ишкердик менен алектенери боюнча ачык булактарда маалымат жок.

 

"Абад Строй" ЖЧКсы

Курулуш компаниянын турак-жайы Жалал-Абад шаарындагы Токтогул жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Тогуз кабаттан туруп,  биринчи кабатында соода борбор бар. "Абад Строй" да 2021-жылы кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси жана негиздөөчүсү -  Эрзат Шадибеков. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе. 

"Ачык бюджеттин" маалыматтык базасы компания кайра катталгандан кийин активдүү иштегенинин көрсөтүп турат. 2021-жылдан 2024-жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик бюджетке 2 млн 500 миң сом салык которгон. 



"Дост-Курулуш" ЖЧКсы

"Дост-Курулуш" компаниясынын турак-жайы Жалал-Абад шаарынын Жамашев көчөсүндө жайгашкан. Ээси Алтымышов Адилет Нуритдинович. 

Касымов Аскаралы 

Жеке ишкер Аскаралы Касымовго таандык делген көп кабаттуу үй Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү 51 Б дарегинде орун алган. Ачык булактарда ал обончу, ырчы катары таанылган.  Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунда окутуучу болуп иштейт. 

 

"Роял-Строй КК" ЖЧКсы

"Роял-Строй КК" курулуш компаниясынын турак-жайы Бекмамат Осмонов көчөсүндө жайгашкан. Фирманы буга чейин экс-депутат Нургазы Нишановдун коомдук жардамчысы болуп эмгектенген Улан Маматов жетектейт. Ал 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон. Кийин БШК аны өзү жазган арыздын негизинде жарыштан четтеткен. 

"Ачык бюджеттин" маалыматтык базасы "Роял-Строй КК" компаниясы 2020-жылдан 2023-жылга чейин мамлекеттик бюджетке 856 миңден ашык салык төккөнүн көрсөттү.




"Ордо плюс" ЖЧКсы

Курулуш компания салган тогуз кабаттуу турак-жай Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүндө орун алган. 

Кийинки объект да тогуз кабаттуу, Кыргыз көчөсүндөгү курулган. 

 

"Магнат" ЖЧКсы 

Компаниянын көп кабаттуу турак үйү Манас проспектиси 47а дарегине салынган. 2023-жылы кайра каттоодон өтүп, азыркы учурда Арапбай Тургунбаев ээлик кылат.  

Булак: Т-Медиа

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн