Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 15:09
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

ТИМ Непалда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды

10.09.2025 11:53
47
ТИМ Непалда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын жана Непалда убактылуу жүргөн туристтерди өздөрүнүн жеке коопсуздугу үчүн эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышпоого чакырды. 


Ведомство мындай билдирүүнү Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбору Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу таратты. 


"Непалга барууну пландап жаткандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштайбыз", — деп айтылат ТИМдин маалыматында. 


Непалда жүргөн кыргыз жарандары консулдук маселелер боюнча же чукул кырдаал жаралса төмөнкү ыкчам байланыш номерлерине кайрылса болот: 

- ТИМдин Консулдук департаменти +996 999 312 002; 

- Кыргызстандын Индиядагы элчилиги +91 92894 00944 (WhatsApp). 


Белгилей кетсек, Непалда социалдык тармактарга коюлган чектөөдөн улам эл нааразылык акцияларына чыккан. 8-сентябрда Катмандуда, ага удаалаш эле башка шаарларда толкундоолор башталган. Алардын негизги бөлүгүн жаштар түздү. ЖМКлар муну "Z муунунун ыңкылабы" деп атоодо.


Толкундоолордун кесепетинен 19 киши каза таап, 300гө чукулу жаракат алып, андан улам премьер-министр Шарма Оли отставкага кетти. ЖМКлардын жазганына караганда, анын аркасынан эле оппозициядагы Улуттук демократиялык партиянын мүчөлөрү да отставкага кеткен. Жергиликтүү Khabarhub басылмасы билдиргендей, эл резиденцияга чейин кирип баргандыктан, президентти аскер кызматкерлери эвакуациялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн