Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Цукерберг ата-энелерден кечирим сурады

02.02.2024 12:39
1689
Цукерберг ата-энелерден кечирим сурады


“Мета” компаниясынын башчысы Марк Цукерберг социалдык түйүндөрдөн балдары жабыр тарткан делген ата-энелерден кечирим сурады. 31-январда Цукербергден башка TikTok, Snap, X социалдык түйүндөрүнүн жетекчилери балдардын Интернеттеги коопсуздугу тууралуу сенаторлордун суроолоруна жооп беришти. Америкалык мыйзам чыгаруучулар алар балдардын коопсуздугун камсыздашы үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканын белгилешти.

Түштүк Каролина штатынын Өкүлдөр палатасынын өкүлү Брэндон Гаффи баласынын сөөгүн жерге бергенден эки жума өтпөй, Инстаграмдан күлүп жаткан быйтыкчалар (смайликтер) тартылган кат алган.

Гаффинин 17 жаштагы уулу Гэвин 2022-жылдын жайында өз өмүрүн кыйган. Кайгыга баткан ата уулунун мындай кадамга барышынын себебин таппай жүргөн.

Көп өтпөй анын кичүү уулуна белгисиз бирөөлөр кат жазып, акча талап кылган. Алар акча бербесең маркум агаңдын жылаңач сүрөттөрүн Интернетке жарыялап жиберебиз деп коркутушкан.

Ошондон кийин гана Брэндон Гаффи уулу Гэвин Инстаграмда шылуундарга туш болуп, сексуалдык опузалоонун курмандыгына айланганын аныктаган. Кошмо Штаттардын Федералдык бюросу эскерткендей, учурда Интернет аркылуу сексуалдык опузалоого негизинен өспүрүмдөр кабылууда. Гаффи Инстаграмга ээлик кылган "Мета" компаниясын уулунун өлүмү үчүн сотко берип, балдарды онлайн шылуундардын коргоо үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп күнөөлөөдө.

Брэндон Гаффи балдары социалдык түйүндөрдөн жабыркаганын айткан ондогон башка ата-энелер менен 31-январда Сенатта өткөн жыйынга катышты. “Мета”, TikTok, Snap, X жана “Дискорд” сыяктуу социалдык түйүндөрдү иштеткен технологиялык компаниялардын жетекчилери сенаторлордун суроолоруна төрт сааттай жооп беришти.

"Meта" компаниясынын башчысы Марк Цукерберг жана TikTok компаниясынын жетекчиси Зи Чиу. 24-январь, 2024-жыл.

“Силердин колуңар канга боёлгон”

Инстаграм, Whatsapp жана Фейсбук социалдык түйүндөрү кирген “Мета” компаниясынын башчысы Марк Цукерберг алгачкы сөзүндө азыркы илимий изилдөөлөр социалдык түйүндөрдү колдонуу менен жаштардын психикалык саламаттыгы начарлашынын ортосунда эч кандай байланышты аныктабаганын айтты. Анын бул билдирүүсү сенаторлордун жана залдагы ата-энелердин ого бетер кыжырын келтирди.

Республикачы-сенатор, Сенаттын Юридикалык комитетинин мүчөсү Линдси Грэм социалдык түйүндөрдү “адам өмүрлөрүн алып, демократиянын өзүнө коркунуч жаратып жатат” деп айыптады.

“Цукерберг мырза, сиз жана алдыбызда отурган башка компаниялардын жетекчилери, силер мындай болушун каалган эмессиңер. Мен муну билем. Бирок силердин колуңар канга боёлгон. Силерде каражат бар. Силерде адамды өлтүрө турган нерсе бар”, - деди Грэм.

Учурда Сенат өкүлдөрү Социалдык түйүндөрдөгү балдардын коопсуздугун бекемдөөнү караган бир нече мыйзам долбоорлорун сунуштап жатышат. Алардын бири Интернетте сексуалдык эксплуатацияга кабылгандарга технологиялык плафтормаларды сотко берүү мүмкүндүгүн түзөт.

Сенаттын Юридикалык комитетинин башчысы Дик Дурбин Интернеттеги балдардын сексуалдык экплуатацияланышы “Америкадагы эң чоң кризистердин бири” экенин белгиледи.

“Дискорд” социалдык түйүнү балдардын ишенимин кыянат пайдаланууга шарт түзүп, аларга зомбулук көрсөтүү үчүн колдонулуп келген. "Инстаграм" педофилдердин тармагын бириктирип, алдыга жылдырууга көмөктөшкөн. “Снапчаттагы” улам жоголуп кете турган каттарды кылмышкерлер жаш балдардан акча опузалоо үчүн колдонушкан. X социалдык түйүнүндө балдарга сексуалдык зордук көрсөтүү тууралуу материалдар абдан көбөйгөн. Алардын дайыма акча табууга умтулуусу биздин балдарды жана неберелерди коркунучка кептеп жатат”, - деди Дурбин.

Марк Цукерберг балдары социалдык түйүндөрдөн жабыркады делген ата-энелерден кечирим сурап жатат. 31-январь, 2024-жыл.

Технологиялык алптардын актануусу

Сенаттагы жыйынга чогулган технологиялык компаниялардын жетекчилери балдарга зыян келтирүүнү ооздуктаган чараларды көрүп жатышканын бир нече ирет кайталашты. Цукербергдин айтымында, соңку сегиз жыл ичинде "Мета" компаниясы мындай 30дай эреже киргизген. Анын ичинде ата-энелерге балдарынын соцтармакты колдонуусуна чектөө киргизип, балдары ким менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген ыкма да бар. Ал ошондой эле 2016-жылдан бери "Мета" коопсуздук үчүн 20 миллиард доллар сарптап, 40 миң кишини бул үчүн ишке алганын кошумчалады. Марк Цукерберг балдары социалдык тармактардан жабыркаганын айткан үй-бүлөлөрдөн кечирим сурады.

- Мунун баарын баштан өткөргөнүңөргө өкүнөм. Силердин үй-бүлөңөр көргөндү эч ким көрбөшү керек. Биз мындайга жол бербеш үчүн көп аракеттерди көрдүк деп үмүттөнөбүз. Силердин үй-бүлөңөр тарткан азап эч кимдин башына түшпөсүн, - деди ал Сенаттагы жыйын маалында.

Snap Inc компаниясынын башкы директору Эван Шпигель дагы бул социалдык түйүндөн балдарыбыз жабыркады деген ата-энелерден кечирим сурады. 2023-жылдын соңунда алтымыштан ашуун өспүрүмдүн ата-энеси бул компанияны сотко берип, аталган социалдык түйүн аркылуу балдары маңзат сатып алганын жүйөлөшкөн.

Сенаторлор технологиялык компаниялардын жетекчилеринен балдардын коопсуздугу үчүн дагы көбүрөөк чараларды көрүп, керек болсо онлайн сексуалдык опузалоонун курмандыктарына кенемте төлөп берүүнү талап кылышты.


Автор: Элиза Кененбаева, "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн