Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талапкер Русланбек Тагаевге суроо: Иштен күтүүсүз кетүү, диплом, "Суу Башаты"…

03.09.2023 16:05
5714
Талапкер Русланбек Тагаевге суроо: Иштен күтүүсүз кетүү, диплом, "Суу Башаты"…


Бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өнөктүгү жүрүүдө. Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, өзүнүн программасы менен тааныштырышууда. Ал эми биздин редакция айрым талапкерлерге коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолор менен кайрылууну туура тапты. Өздөрүнүн жообун узатабыз дешсе, сайттын бетинен орун берүүгө даярбыз.


Биздин алгачкы жети сурообуз Русланбек Тагаевге жолдонмокчу. Анда эмесе баштадык. ​


1. Русланбек Таштанбекович, сиздин өмүр жолуңуз тууралуу интернеттен жарытылуу маалымат ала албадык. Жогорку билимге ээ болгонуңузду тастыктаган дипломду кайсы окуу жайдан окуп алганыңыз тууралуу кеңири айтып бересизби? Группалаш, курсташтарыңыздын кимиси менен катышып турасыз? ​


2. Аз убакытка Ленин районун жетектегенсиз. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров сизди «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» деген негизде кызматтан алган. Андан бери жарым жылча убакыт өттү, жаңы кызматка дайындалган жоксуз. Дегеле жумуштан кетишиңизге кандай жагдай түрткү болгон деп эсептейсиз? Аким кезиңизде кандай алгылыктуу иштерди жасаганга үлгрдүңүз?


​3. Шайлоо өнөктүгүнө оңбогондой каражат сарпталат. «Суу Башаты» компаниясын түптөгөнүңүздү эсепке албаганда, олуттуу бизнес менен алектенбептирсиз. Мындан улам, мыйзам ченемдүү суроо туулат: шайлоого каражатты кайдан таптыңыз? ​


4. 2018-жылы Ленин районундагы Шералиев көчөсүндө канализация салуу иштерин “Суу Башаты” жүргүзгөн эле. Бирок жергиликтүү тургундар аталган компания ишти ойдогудай аткарбагандыгына нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Ошол талаш маселе кантип чечилген? ​


5. 28-майда өткөн Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо жокко чыгарылган. Буга эки талапкердин “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналганы себеп. Сиз дагы 10-сентябрдан кийин мына ошондой окуянын “башкы каарманы” болуп калам деп кооптонбойсузбу?


​6. Аким кезиңизде анча-мынча райондогу, өкмөттөгү аткаминерлер менен мамиле күткөн чыгарсыз. Алар менен болгон жеке катышыңызды шайлоо кампаниясына пайдаланып аткан жоксузбу? ​


7. Шайлоодогу атаандашыңыз Ыргал Кадыралиева сизди ачык дебатка чакырганда үн катпадыңыз. Жолугушуудан качканыңыздын сыры эмнеде? Же Ыргал айымдан корко тургандай бир мандемиңиз барбы?

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн