Теке 07, 2025
Убакыт: 15:47
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Таласта 30 млн сомдук мунай база мамлекетке кайтарылды

07.07.2025 11:19
20
Таласта 30 млн сомдук мунай база мамлекетке кайтарылды


Айтматов районунда 30 млн сомдук мунай базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кызыл-Адыр айыл аймагында жайгашкан аянты 1,62 га жер тилкеси, өндүрүштүк имараттар жана резервуарлар камтыган мунай базасы мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 30 млн сом болгон бул объекттеги бардык мүлк жер тилкеси менен кошо мамлекеттик менчикке кайтарылды.


Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, анын ичинде стратегиялык мааниге ээ объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча системдүү ишин улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн