Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:56
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Таласта 8 килограмм баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалды

Таласта 8 килограмм баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалды

2023-жылдын 7-февраль күнү КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында "М" аттуу жаран баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иштин натыйжасында, 2023-жылдын 8-февраль күнү саат 15:30 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районунда өз үйүндө сатууга аракет кылып жаткан Ж.М. аттуу шектүү жаран кармалган. Кармалган жарандан “марихуана” табылып алынган. 


Кармалган Ж.М. баңгизатын ар бир килограммы 60 миң сомго сатууга аракет кылгандыгы аныкталган.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу 8 кг 789 гр. Индиялык “марихуана” болуп аныкталган.


КР Жаза-процесстик кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде кармалган Ж.М. Ош шаарынын ИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Азыркы учурда бул баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн