Бугу 06, 2025
Убакыт: 16:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Таласта оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жаракат алган

26.08.2022 12:22
939
Таласта оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жаракат алган

Кечээ, 25-августта Таласта оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч адам жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.



 Белгилүү болгондой, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Дөбө айылынын түндүк тарабында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы өрттөнгөндүгү тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнө түшкөн. Жерине райондук №91 өрткө каршы бөлүктөн өрт өчүрүүчүлөр тартылып, унаадан чыккан өрттү саат 13:04тө чектөөгө алып, 13:38де толугу менен өчүрүшкөн.  


Тилсиз жоонун кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р, 1988-жылы туулган У.М, 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жаракат алышкан. 

Жаракат алган тургундарды өрт өчүрүүчү келгенге чейин “Тез жардам” кызматы медициналык жардам көрсөтүүүгө алып кетишкен.


 Ал эми оор жүк ташуучу унаада электр жабдууларын техникалык пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесин сактабагандыктан өрт чыккан.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн