Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Таласта "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" эл аралык фестивалы өтөт

15.08.2023 16:06
1934
Таласта "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" эл аралык фестивалы өтөт


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Таласта "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" эл аралык кароо-сынагын жарыялайт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты эзелтен муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастарынын негизинде чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү, кошуна мамлекеттер жана аймактардын ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана бекемдөө болуп саналат.

Фестиваль 2023-жылдын 15-16-сентябрында Талас облусундагы улуттук "Манас-Ордо" тарыхый-этнографиялык комплексинде өтөт.

Кароо-сынакка өлкөдөгү кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан жана башка жактан келген меймандар катышат.

Номинациялар:

“Мыкты ала кийиз”, “Мурас ала кийиз”, “Заманбап үлгүдөгү тушка тартма ала кийиз”, “Текеймат ала кийиз», “Кол өнөрчүлүк боюнча чебер класстар”, “Жаш уздарды тандоо”. Алдыңкы кол өнөрчү номинациялары жана кызыктыруучу сыйлыктар аныкталып, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшыралат.

Катышуучуларга болгон негизги талаптар:

- Катышуучуларынын саны чектелбейт;
- Сынакка өзгөчө ала кийизде болгон оюулар, түрлөр, түшүрүлгөн көчөттөр (мисалы жоогазын, бадам) нукура кыргызча сапаттуу жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар коюлушу керек;
- “Мыкты ала кийиз” деп табылган ала кийиздер мамлекеттик музейге тапшырылат;
- Ала кийиздин көлөмү 5 м² жогору, ал эми “Текеймат ала кийизи” 3 м² жогору болушу шарт;

Маданият министрлиги синтетика буюмдарды колдонууга тыюу салынарын эскертет.

Сынактын калыстар курамы көркөм өнөр эксперттеринен, дизайнерлер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт.

Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан каржылануусу шарт. Кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын жатаканасы, тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан каржыланат.

Байланыш номерлери: 0312 66-24-04-28, 66-19-47, 0701337789.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн