Кулжа 17, 2025
Убакыт: 06:32
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Таш-Көмүр шаарынын тургуну мал айдап келүүгө кеткен бойдон дайынсыз болууда

24.12.2024 10:38
963
Таш-Көмүр шаарынын тургуну мал айдап келүүгө кеткен бойдон дайынсыз болууда


Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап келүүгө кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 15-декабрда ал кечки саат сегиздер чамасында досуна байланышка чыгып, жолдон адашып кеткенин айткан. Ошол бойдон андан кабар жок болгондуктан жакындары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.

Күн мурун ӨКМден 10 куткаруучу, 1 дрон, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган издөө иши бүгүн да улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн