Бугу 04, 2025
Убакыт: 00:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ташиев баштаган “Мекенчил” партиясы БШКга талапкерлеринин тизмесин тапшырды

13.08.2020 19:11
1478
Ташиев баштаган “Мекенчил” партиясы БШКга талапкерлеринин тизмесин тапшырды

 

“Мекенчил” саясий партиясы талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу партия лидери Камчыбек Ташиев 13-августта өткөн партиянын кезексиз жыйынында билдирди.


Аынн айтымында, партиянын шайлоо программасы төрт багыттан турат. Алар: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайтаруу, сот адилеттигин орнотуу, чек ара маселесин жөнгө салуу.


“Чар-жайыт, башаламан, коррупцияга жол ачкан шайлоо системасынан арылып эл менен бийликтин ортосундагы байланышты кайтарабыз. Ал үчүн парламент депутаттарынын санын 120дан 75ке азайтып, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайра киргизебиз”, – деген Ташиев.


Пандемия шартына байланыштуу жыйын чакан чөйрөдө, жабык өтүп, иш-чарага журналисттер киргизилген эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн