Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп жатат

11.03.2021 13:43
505
Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп жатат

Бүгүн Ташкент шаарындагы «Texnopark» борборунда Өзбекстан – Кыргызстан бизнес форуму жана эки өлкөнүн ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага Кыргызстандын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, КРнын соода-өнөр жай палатасынын башчысы Марат Шаршекеев жана Өзбекстандын соода-экономикалык палатасынын башчысы Адхам Икрамов, андан тышкары эки өлкөнүн бизнес коомчулугунан 250 дөн ашык өкүл катышууда.


Башкы максат – Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык жаатта кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы ачык сүйлөшүүлөр аянтын түзүү.


Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн В2В форматындагы жолугушуусу уюштурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн