Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Паранжы жамынган – бул өтө аша чапкандык”

21.11.2023 18:19
671
Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Паранжы жамынган – бул өтө аша чапкандык”


- Тазабек мырза, кесиптешиңиз Шарапаткан Мажитованын коомдук жайларда паранжы жамынып, сакал коюп жүрүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул долбоорго сиздин көз карашыңыз кандай?


- Ким кандай динди кармайт, кантип жүрөт – бул ар бир адамдын өз укугу. Негизи, өзүбүздүн ата-бабалардан калган салттуу динибизди кармасак, ушундайлардын баарынан алыс болот элек. Өзүбүздүн сонун улуттук кийимдерибиз, чапан-калпактарыбыз бар. Паранжы жамынган – бул өтө аша чапкандык. Ал эми сакал коюу – ар бир адамдын укугу. Сакал койгон пайгамбарыбыздын сүннөтү болот, ошондуктан мен андан эч кандай жаман нерсени көргөн жокмун. Алтымыш жаштан ашкан аксакалдарыбыз сакал коюшса жарашат. Бүгүн бизде жарым жылаңач жүргөндөр деле бар да, анда аларга да тыюу салыш керек болот. 


- Долбоорго ылайык, мыйзам бузулган учурда 2 миң сом айып пул салынып, 30 саат коомдук иштерге, экинчи жолу мыйзам бузса, 4 миң сом айып пул салынып, 40 саат коомдук иштерге чегерилет экен. Мунун арты кээ бир өлкөлөрдөгүдөй көчөдөн кармап алып эле сакалын кыркууга айланып кетпейби?


- Андай да болушу мүмкүн. Ошондуктан мен “сакалга асылган туура эмес” деп айтар элем. Талкуунун жүрүшүндө биз да өз пикирибизди айтып, сунуштарыбызды беребиз. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн