Кулжа 09, 2025
Убакыт: 17:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Тазабек Икрамов, экс-депутат: “Ысырапкорчулук калың элге зыянын гана тийгизет”

09.06.2025 11:01
16
Тазабек Икрамов, экс-депутат: “Ысырапкорчулук калың элге зыянын гана тийгизет”


- Мамлекет тарабынан ысырапкорчулукка каршы аракеттер көрүлүп, бирок ишке ашпай атканын кандайча баалайсыз? Той-аштардагы ашыкча чыгымдарды, куру намыстан жаралган жоруктарды канткенде токтотсок болот?


- Ысырапкорчулук, байлык менен атаандашуу калың элге зыянын гана тийгизет. Бирок, биз практика жүзүндө мамлекет тарабынан ысырапкорчулук боюнча кабыл алынган чечимдер иштебей жатканын көрүп атабыз. Демек, демилге эл, айыл аксакалдары, жергиликтүү кеңеш тарабынан көтөрүлүшү зарыл. Экономикалык алкактан алып караганда, тыюу эмес, сарамжалдуулук керек. Менимче, демилгелер эл тарабынан айтыла калып жатат, бирок биз улуттук иденттүүлүктү, жарандардын социалдык алака-катышын мыйзам менен чектебегенибиз оң. Ошол эле учурда Конституцияда жарандардын мыйзам чегиндеги иш аракеттери мыйзамга каршы келбейт. Биз жарандардын каалоосун чектей албайбыз. Ошондуктан, ысырапкорчулук менен күрөшүү эмес, сарамжалдуу жашоону пропагандалашыбыз керек деп ойлойм.


- Мамлекеттик мекемелерде иштешип, элиталык батирлерде, хансарайларда жашаган кызматкерлердин көбөйүп баратканы эмнени билдирет?


- Мамлекеттик кызмат чиновниктер үчүн баюунун булагы болбош керек. Мамлекеттик кызматкердин бүгүнкү айлыгы менен кымбатчылык учурда жана инфляция өсүп жатканда элиталык батир алуу эч качан мүмкүн эмес. Эгер кызматкер мамлекеттик кызматка чейин бизнесте жүрүп же башка мыйзамдуу жол менен байыса, анысын декларациясында так көргөзүшү зарыл.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн