Бүгүн таң эрте президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы 100 гектар аянтка тигилген көчөттөрдүн абалы менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анын жүрүшүндө көчөттөрдү үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо жана өз убагында кароо жүргүзүү боюнча жергиликтүү бийлик жана токой чарба кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, аталган аянтка көчөттөр быйылкы жылдын жаз айларында эгилген. Бул демилге аймактагы токой фондун кеңейтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында ишке ашырылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн