Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тель-Авив туткундагы израилдиктерге карабай ХАМАСка чабуул коерун айтты

10.10.2023 10:57
1581
Тель-Авив туткундагы израилдиктерге карабай ХАМАСка чабуул коерун айтты


Израиль аскерлери туткундагы мекендештеринин өмүрүнө тобокелдик жаралганына карабай, Газа секторундагы ХАМАСтын объектилерине жасалчу чабуулунан баш тартпайт. Бул туурасында РИА Новости Times of Israel басылмасына таянып жазды. 


Мындай кабарды аларга Израилдин өкмөтүндөгү ишенимдүү булактар билдирген.


Маалыматка караганда, эгерде Тель-Авив израилдик туткундардын кайсы жерде кармалып турганын так билсе, ал жерди бутага албайт. Бирок маалымат болбосо ХАМАСтын жайгашкан бардык аймактары чабуулга тушугат.


7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан чабуул жасаганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн