Президенттин өкүлү Тилек Текебаев жана мэр Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарындагы курулуш иштери жүргүзүлүп, ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалган объектилерге барды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алгач облус башчысы Эркиндик көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратындагы курулуш иштери менен таанышты. Объектиде курулуш иштери 2022-жылы башталып, азыркы учурда жалпы жумуштардын 80 пайызы аяктаган.
Андан ары Курманбек көчөсүндө курулуп жаткан президенттин облустагы өкүлүнүн аппаратынын жана шаар мэриясынын жаңы административдик имаратына барды. Учурда объектинин ички жана сырткы жумуштары, борбордук аянттын курулушу жүрүп, жумуштар 75 пайызга аяктаган. Курулуштун жалпы аянты сегиз гектарды түзөт.
Кыдыруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан шаардын Спутник аймактык башкармалыгынын Розы Азимов көчөсүндө курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан "Асман резденс – 2" турак жай комплекси, Бокс академиясы жана Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин капиталдык оңдоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Облус башчысы аталган обектилерге керектелүүчү каражаттар жана жогорку сапаттагы курулуш материалдары колдонулуп жатканын айтып, жумуштарды белгиленген графикке ылайык жүргүзүүнү тапшырды.
Быйыл Эгемендүүлүктүн 34 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарында белгиленип, ага карата облус аймагында 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды пайдаланууга берүү планы коюлган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн