Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токаев: Казакстанда мындан ары "супер президенттик" башкаруу болбойт

16.03.2022 12:07
1024
Токаев: Казакстанда мындан ары "супер президенттик" башкаруу болбойт

Казакстанда мындан ары "супер президенттик" башкаруу болбойт. Мындай пикирин президент Касым-Жомарт Токаев казак парламентине жасаган кайрылуусунда билдиргенин жергиликтүү булактар кабарлады.


Токаевдин айтымында, мындан ары парламенттин орду күчөйт.


"30 жылдан бери президенттик башкаруу кайсы бир деңгээлде өзүнүн жемишин берди. Бирок жаңы жашоого ылайыктуу жолго түшүүгө тийишпиз.

Казакстанда мындан ары "супер президенттик" башкаруу болбой, күчтүү парламенттүү президенттик башкаруу болот",- деди Токаев.


Мындан сырткары, президент акимдер жана шаар башчылары партияларга мүчө боло албайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн