Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токаев өкмөткө Россиядан кетип жаткан компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарт түзүүнү тапшырды

14.07.2022 12:25
894
Токаев өкмөткө Россиядан кетип жаткан компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарт түзүүнү тапшырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө орус рыногунан кетип жаткан чет элдик компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү тапшырды.


"Биз инвестициялык капитал үчүн глобалдык күрөшкө күбө болуудабыз. Дээрлик 1400 ири чет элдик компаниялардын ар бир экинчиси ишин токтотту же орус рыногун толугу менен таштап кетти. Өкмөт аларды Казакстанга тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек. Бул бизге инвестициялык капиталды көбөйтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет", - деди ал бейшемби күнү өкмөттүн кеңейтилген жыйынында.


Президент буга чейин өкмөткө өндүрүш тармагындагы инвестициялык долбоорлорду даярдоону жана аны потенциалдуу инвесторлор менен бирге иштеп чыгууну тапшырганын эске салды. "Бул иш дагы эле жолугушуу жана жолугушуу режиминде жүрүп жатат. Конкреттүү жыйынтыктарга келсек, мактанаарлык иш аз. Иш жүзүндө жаңы долбоорлор жок", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн