Баш оона 22, 2025
Убакыт: 14:23
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Токмокто Muras бренди менен автоунаа чогулткан завод курулат

Токмокто Muras бренди менен автоунаа чогулткан завод курулат


Күзүндө Токмокто Muras бренди менен автоунаа чогулткан завод салына баштайт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. 


Малыматта Россиянын АвтоВАЗ компаниясы заводдун технологиялык өнөктөшү экени, өндүрүш 2026-жылдын жаз айларында ишке кирери айтылган. 


Ишканада жылына 1 500гө чейин автоунаа чогултулса, 2035-жылга чейин аны 7 миңге жеткирүү пландалууда. Бул долбоордун арты менен өлкөнүн ИДПсы бир пайызга өсүп, 12 миңге жакын жумуш орду түзүлөрү айтылды. 


"АвтоВАЗ компаниясынын Granta, Vesta, Largus, Niva, Iskra сыяктуу үлгүлөрү да бул жакта чогултулат. Инвестордун айтымында, машинанын баштапкы баасы Россиянын колдоосу менен алгачкы үч жылда 15 пайыз төмөндөтүлүп коюлат. Болжолдуу миллион сомго жетпеген сумманын айланасында болот", — деп айтылат маалыматта. 


Мэрия долбоордун алкагында жергиликтүү билим берүү мекемелери менен келишим түзүлүп, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздоо маселеси да каралып жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн