Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токмоктогу оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери кандай жүрүүдө?

22.09.2020 11:37
865
Токмоктогу оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери кандай жүрүүдө?


Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин даярдыгы 92%ды түзѳт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен маалымдашты. 


Маалыматка караганда, объекттин капиталдык оңдоп-түзөөсү 2020-жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63млн 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды.


Подряддык уюм тарабынан жүргүзүлүп, имараттын жана откананы эски чатыры менен электр тутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. 


Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган.


Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган.


Объекттин курулушу 92%га бүткөрүлдү, оорукананын  оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүүгѳ пландаштырылган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн