Кулжа 17, 2025
Убакыт: 08:08
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Тоңдо мөндүрдөн айдоодогу картошка, арпа, будай жабыркады

12.06.2020 09:58
1611
Тоңдо мөндүрдөн айдоодогу картошка, арпа, будай жабыркады

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жааган мөндүрдүн кесепетинен айдоодогу картошка, арпа, будай жана беде чөбү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагында 10-июнда саат 14:20 чамасында кыска убакта жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Көл-Төр айылында 23 гектар картошка, 5 гектар арпа,  4 гектар буудай жана 6 гектар беде чөбү жабыркаган. Турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.


Ал эми 11-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кошумча тактоо иш-чаралары бүгүн, 12-июнь күнү улантылары айтылат. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эмилбек
Байкуш дыйкандарга эле кыйын болду