Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тоңдо жүк ташуучу жана жеңил унаа кагышып, 3 адам мерт кетип, үчөө жабыркады

10.07.2020 09:55
1048
Тоңдо жүк ташуучу жана жеңил унаа кагышып, 3 адам мерт кетип, үчөө жабыркады


Тоң районунда жүк ташуучу жана жңил унаа кагышып, 3 адам мерт кетип, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен "Шахман" оор жүк ташуучу унаасынын  катышуусунда жол кырсыгы катталган.


Кырсыктын кесепетинен 3 адам (2 эркек: 1974-жылы туулган, 2008- жылы туулган, 1 аял: 1978-жылы туулган) каза болуп, 3 адам (1 кыз: 2012-жылы туулган, 2 эркек бала: 2004- жылы туулган, 2006-жылы туулган) жабыркаган.


Куткаруучулар каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдарды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн