Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Төрага Нурланбек Шакиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

09.04.2024 14:03
277
Төрага Нурланбек Шакиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлайт. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй өнүгүп, жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. 

“Кытай биздин коңшубуз эле эмес, өз ара ишенимге жана достукка таянган өнөктөшүбүз. Буга өлкө башчыларыбыздын тыгыз байланышы чоң түрткү берип, биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Анын ичинен, азыркы тапта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча жигердүү иш алып барып жатабыз. Бул жол аталган үч мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн өтө маанилүү”, – деди төрага. 

Ошондой эле тышкы экономикалык мамилелер чөйрөсүндө Кытай Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин айткан Нурланбек Шакиев учурдагы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жогорулап жатканын эске салды.

“Бул албетте чек эмес. Экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзчү мүмкүнчүлүктөрдү дагы караштырышыбыз керек”, – деди Нурланбек Шакиев. 

Андан тышкары, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо элчи Ду Дэвэндин салымы чоң экенин белгилеп, дипломаттын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди. 

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь дипломатиялык ишмердүүлүгүн алкагында жасалган иштерге кеңири токтолуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу учкай кеп кылды. 

Муну менен соода-экономикалык байланыштарды арттыруу жаатында жасалып жаткан аракеттер боюнча маалымат берип, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында да кызматташтыкты кеңейтүү пландары менен бөлүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн