Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту

24.04.2024 16:17
112
Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапарынын алкагында Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, тараптар кызматташтыктын келечеги тууралуу ой бөлүштү.

Төрага Нурланбек Шакиев эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышын кеңейтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: "Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай уюштурулууда. Анын ичинен өткөн жылы Кыргызстандын президентинин Монголияга жасаган расмий сапары бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү", - деди.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экомикалык алакаларды арттыруу маселеси да көтөрүлүп: "Кыргызстан Монголия мамлекетине айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар. Бул үчүн соода-логистикалык жана транспорттук маселелерди ыкчамдатып чечүү учур талабы. Андыктан аталган багытта жигердүү иш алып барып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек", - деди төрага.

Ошондой эле маданият жана туризм жаатында да биргелешип иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон Нурланбек Шакиев бул тармактарда да алгылыктуу аракеттер зарыл экенин белгиледи.

Муну менен катар баарлашууда тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча тыгыз иш алып баруу сунуштары айтылып, эки өлкө тең аталган жаатта кызматташууга кызыкдар экендиктери кошумчаланды.

Ал эми Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэне айтылган ар бир демилге маанилүү экенин белгилеп, айрыкча соода байланышын арттыруу башкы максат экенин билдирди.

Андан сырткары, Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшү менен өзү да таанышып келгенин айткан Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэне анын ичинен баалуу металлдарды өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш жүргүзүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн