Баш оона 07, 2025
Убакыт: 17:55
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.095
1.125

Төрт ири энергетикалык компания бириктирилет

08.09.2021 16:43
2114
Төрт ири энергетикалык компания бириктирилет

Министрлер кабинети электр энергияны бөлүштүргөн “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” ишканаларын бириктирип, бир эле “Кыргыз энергетикалык бөлүштүрүү” компаниясын түзүүнү колдоду. Эми сунуш парламентке киргизилет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.


“Булардын баары тең акционердик коом болгондуктан акционерлердин жыйынында гана чечилет. Биз мындан 1 миллиард сомго чейин үнөмдөйбүз. Сатып алуудан эле 300 миллион сомдой үнөм болот”,- деди министрдин орун басары.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сагын
Эмне сатып алып уномдойт популист