Кулжа 20, 2025
Убакыт: 13:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.107
1.140

Toyota Group Бишкек шаарынын 3D моделин түзүүгө кызыкдар

20.06.2025 09:32
22
Toyota Group Бишкек шаарынын 3D моделин түзүүгө кызыкдар


Дүйнөгө белгилүү Toyota Group Бишкек шаарынын 3D моделин түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Toyota Group брендинин бир бөлүгү болгон Aero Asahi corporation ири япон компаниясынын өкүлдөрү "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин башчысы Медербек Кыдырмаев жана анын орун басары Азирет Акимов менен жолугушуусунда айтышты.


Курлуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында компания геомейкиндик маалыматты катмарлоо жолу менен түзүлгөн шаардын 3D моделин, санарип картасын даярдоо жаатында кызматташууну сунуштады.


Аталган компания буга чейин 50 өлкөдө 200гө жакын долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Атап айтканда, контролдук пункттарды сүрөткө тартуу, тегиздөө, топографиялык картага түшүрүү, ГИС маалыматтары, системаны түзүү жана башкалар.

Курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин алдындагы "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин жетекчилиги Бишкек бүгүнкү күндө ушундай заманбап жана келечектүү долбоорлорго басым жасап жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн