Жетинин айы 11, 2024
Убакыт: 22:44
USD
86.05
86.55
EUR
92.00
93.00
RUB
0.870
0.910

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

30.10.2024 11:30
187
Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Сосновка постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 07:30да алынды.

Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан шамал үйлөгөн кар күрткүлөрүн тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле жумуштар Өтмөк ашуусунда да аткарылып жатат. Ал эми Суусамыр – Талас – Тараз жолундагы (60-чакырымына) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар.

30-октябрга караган түнү Талдык ашуусунда жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып, жол эрежесин сактабай, каршы тилкеге чыккан транспорт каражаттары жасалма тыгын пайда кылган.

Аймакты караган №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан түнү менен жол тазалоо иштери менен катар, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлдү. Азыркы тапта жол ачык, каттам бар.

Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн