Теке 01, 2025
Убакыт: 06:35
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Түгөлбай Казаков КМШнын “Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгына татыды

15.05.2025 10:21
1044
Түгөлбай Казаков КМШнын “Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгына татыды


Кыргыз Республикасынын эл артисти, коомдук жана мамлекеттик ишмер, “Манас” улуттук академиясынын Улуттук кеңешинин мүчөсү Түгөлбай Казаков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) башкы гуманитардык сыйлыгы болгон "Звезды Содружества" ("Шериктештиктин жылдыздары") сыйлыгынын лауреаты болду.


Академиядан билдиришкендей, Казаков бул сыйлыкка "Гуманитардык ишмердүүлүккө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн" номинациясында татыктуу деп табылды.


Сыйлык күн мурун, 14-майда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өтүп жаткан КМШ чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун алкагында тапшырылды.


Бул сыйлык 2009-жылы негизделген жана жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык чөйрөдөгү, дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн