Баш оона 26, 2025
Убакыт: 17:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.10
102.10
RUB
1.080
1.110

Түндө Арча-Бешик конушунда үйдөн өрт чыгып, үй ээси иске ууланып каза болгон

Түндө Арча-Бешик конушунда үйдөн өрт чыгып, үй ээси иске ууланып каза болгон

Бишкектин Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 03:28де бир бөлүм тартылган. Саат 03:46да кошумча бир бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 05:28де толук өчүрүлгөн.


“Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы А.У. аттуу үй ээси көмүр кычкыл газына ууланып, тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.


Өрттүн себеби такталууда

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн