Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Түркия ФЕТО кыймылынын мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү талап кылып жатат

03.06.2020 17:01
1030
Түркия ФЕТО кыймылынын мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү талап кылып жатат

 Саймаитинин өлүмү боюнча Түркияга эки жолу суроо-талап жөнөтүлгөн. Анын өлүмү тууралуу биринчи суроо-талапка жооп келген. Ал эми экинчи жолу жөнөтүлгөн суроо-талапка жооп келе элек. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитиге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында айткан.


Анын айтымында, кайрылуулар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы юридикалык жардам тууралуу келишимдин негизинде жиберилген. Көрсөтүлгөн документке ылайык тараптардын бири эмне үчүн жооп бере албаганын же болбосо улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын туудурган маселе болсо, маалымат бербей коюуга укуктары бар экенин билдирген.

 

Ошондой эле Мирлан Каниметов Түркия тарап жооптун ордуна Кыргызстанга ФЕТО боюнча талаптарды да коюп жатканын кошумчалаган. "Ошол уюмдун өкүлдөрү силерде көп жүрөт, бизге кармап бергиле" деп жатышат. Ошол боюнча түшүнбөстүктөр бар. Бул маселе чечилбей жатканы үчүн Түркия толук кандуу жооп бербей жатат", - деген Каниметов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн