Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Түркия Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколду ратификациялайт

11.07.2023 11:00
1002
Түркия Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколду ратификациялайт


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швециянын НАТОго киришин кароо маселесин парламентке киргизүүнү тездетүүгө убада бергенин альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг айткан. Муну ал Вильнюста Түркия жана Швеция лидерлери менен болгон жолугушуунун соңунда билдиргенин РИА Новости жазды.


"Президент Эрдогандын Швециянын мүчөлүккө кирүү протоколун ратификациялоо үчүн Улуттук Улуу Жыйынга протоколду эртерээк жөнөтүүгө макулдугун бергенине кубанычтамын. Бул тарыхый күн", — деген ал.


Анткен менен Столтенберг ратификация качан болушу мүмкүндүгүн жана Швециянын толук кандуу кошула турган датасын атаган жок.


"Анын датасын Түркия тарап айтат", — деген уюмдун башчысы бардыгы Улуттук Улуу Жыйынга байланыштуу экендигин белгилеп.


Ал ошондой эле бүгүнкү жыйынтык Анкара менен Стокгольмдун террорчулукка каршы күрөштө кызматташууну кеңейтүүнү макулдашып, тиешелүү документке кол койгондон кийин болгонун баса белгилеген.


Белгилей кетсек, быйыл 31-мартта Финляндия НАТОго кирүү үчүн бардык мүчөлөрдүн колдоосуна ээ болгон. Ал эми Швеция азыркыга чейин Венгерия жана Түркиянын макулдугун ала элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн