Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Түркия жээктеринде 80ден ашуун мигрант куткарылды

03.07.2023 16:30
637
Түркия жээктеринде 80ден ашуун мигрант куткарылды


Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале облусунун Айважык районунун жээгиндеги Эгей деңизинде жалпы 84 мигрант куткарылды.


Маалыматка ылайык, афганстандык мигранттар түшкөн үйлөмө кайыктар Греция тараптан суу аркылуу Түркияны көздөй жөнөтүлгөн.


1-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:50дө Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Айважык аймагынын жээгинде бортунда көптөгөн качкындар менен үйлөмө кайык тууралуу сигнал алган.


Тиешелүү маалымат алынган соң Түркиянын Жээк коопсуздук күчтөрүнө таандык TCSG-6 катери окуя болгон жерге жөнөтүлгөн.


Операциянын натыйжасында 37 адам аман калган.


Экинчи сигнал ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча 12.24тө келген. Белгиленген аймакка КБ-20 жана КБ-4304 кайыктары менен куткаруучулар чыгып, алар 47 мигрантты куткарып калууга жетишкен.


Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн 84 мигранттын баары жергиликтүү миграция бөлүмүнө жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн