Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түркияда Инстаграм "жылдыздарына" аңчылык башталды

07.12.2023 14:35
1969
Түркияда Инстаграм "жылдыздарына" аңчылык башталды


Соңку бир айдан бери Түркияда интернет "жылдыздары" талкууланып жатат. Арам акчаны адалдаштырууга шек саналып кармалган жубайлар Дилан жана Энгин Полаттын иши ондогон инфлюенсердин (соцтармактарда катталуучулары көп, коомдук пикирге таасир тийгизе алган адамдар) да кымырган акчасын ачыкка чыгарды.

"Бакубат бай" жашоосун күнүгө Инстаграмдан көргөзгөн түрк "атактуулары" эми абакта отурат.

Түрк бийлиги соцтармакты тыкыр иликтейт

Ушул аптада Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги арам акчаны адалдоого айыпталган социалдык тармактардагы 600 "жылдызга" карата тергөө иштерин баштаганы белгилүү болду.

Мекеме социалдык түйүндөрдө миллиондогон катталуучусу бар феномендердин ("атактуулардын") ар бир постун кылдат текшерүүнү пландаштырууда.

Мындан тышкары, Соода министрлиги интернетте сатылган товарларга көзөмөлдү күчөтүп, "онлайн соодада өнүмдүн коопсуздугу" долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат.

Мындай чечим "100 миллиондогон лираны кымырган" деп айыпталган жубайлар Дилан жана Энгин Полатка байланыштуу жаңжалдан кийин кабыл алынды. Алардын мындай "былыгы" 1-ноябрда Түркиянын алты облусунда жүргүзүлгөн атайын операцияда ачыкка чыккан.

Анда Түркиянын Финансылык кылмыштарды иликтөө кеңеши (MASAK) тарабынан Полаттарга таандык экени айтылган фирмалар иликтенген.

Тергөө корутундусунда жубайларга "арам акчаны адалдаган" деген кине тагылган. Дилан жана Энгин Полатка "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо", "салык процессуалдык кодексин бузуу", "кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү" беренелери менен айып тагылган.

Стамбул шаарынын Башкы прокуратурасы 1-ноябрдан бери жубайлар Полат менен кошо дагы 14 инфлюенсердин мүлкүн конфискациялады. Дээрлик баарына чет өлкөгө чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду.

Люкс ресторандар, учактар, кымбат белектер

Инстаграмда таанымал жубайлар соңку эки жыл ичинде "бакубат бай жашоо мүнөзү" менен миңдеген адамдардын көңүлүн бурган.

Дилан Полат блогер жана Түркиянын 46 провинциясындагы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү сулуулук салондорунун ээси болсо, күйөөсү Энгин Полат - анын бизнес өнөктөшү. Полаттар ошондой эле интернетте өздөрүнө таандык экени айтылган сулуулук тармагындагы өнүмдөрдү сатат.

Учурда 6 миллион катталуучусу бар Дилан Полаттын Инстаграм баракчасы жабык. Күйөөсү Энгин Полаттын 1 миллион катталуучусу бар.


Алардын той-топурга барып акчаны самандай сапырганы, күйөөсү аялына учак алып бергени, бири-бирин кымбат баалуу белектер менен сүйүнтүп турганы, чет өлкөлөрдөгү саякаттары, люкс ресторандардан тартылган сүрөттөрү желдей тарап, интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууланып турчу.

Полаттар бул байлык "маңдай тери" менен табылганын айтса да, жергиликтүү журналисттер мындай байлыктын булагы тууралуу шек саноосун жашырган эмес.


Көп өтпөй Стамбулдун Башкы прокуратурасы жубайлардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн конфискациялоо боюнча тергөө ишин баштап, 5-ноябрда аларды камакка алды. Алар менен кошо дагы 12 шектүү учурда камакта жатат.

Суракта Дилан жана Энгин Полат өздөрүнө тагылган айыптарды моюнуна албай турганын айткан. Эгер сот шектүүлөрдү күнөөлүү деп тапса, жубайлар 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Инфлюенсерлер тыкыр иликтенүүдө"

Полаттар арам акчаны адалдаган жана салык төлөөдөн качкан деген айып менен камакка алынгандан кийин, Түркиянын Казына жана каржы министрлиги да социалдык тармактардагы маалыматтарды иликтөө үчүн атайын топ түздү.

Киреше боюнча эксперттер, салык кызматкерлери жана Финансылык кылмыштарды иликтөө кеңешинин (MACAC) эксперттеринен турган топ инфлюенсерлерди текшерет. Эгерде акчаны адалдоого шек саналганы аныкталса, дароо прокуратурага кабар берилет.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая 5-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "атактуулардын" ар бир кадамы мындан ары тыкыр изилденерин айтты:

"Ички иштер министрлиги жана Юстиция министрлиги мыйзамсыз онлайн коюмдар боюнча чечкиндүү иштерин улантууда. Эч ким таарынбасын. Инфлюенсерлердин букмекерлик ишмердиги тыкыр иликтенүүдө", - деди түрк аткаминер.

Түркияда социалдык тармактарда катталуучусу көп кишилер кирешесине жараша салык төлөнөт. 1,9 миллион түрк лирасына (65 800 доллар) чейинки кирешелер үчүн жеңилдиктер каралган. Ал үчүн инфлюенсерлер жергиликтүү банк аркылуу бардык социалдык тармактагы кирешелерин так көрсөтүшү керек.

2022-жылы 8500гө жакын түрк инфлюенсер 606 миллион лира кирешесинин 91 миллион лирасын салыкка төлөгөн.

Ал тапта 5-декабрда Дилан жана Энгин Полаттын үйүндө иштеген өзбекстандык эки аял да кармалганы кабарланды. Атайын текшерүүдө Стамбул полициясы абакта жаткан Полаттардын үйүндө мыйзамсыз иштеген Шахло Хайдарова жана Наргиза Хайдарованын визалары эбак бүткөнүн аныкташкан. Социалдык тармактарга тараган видеолордон Дилан Полаттын "оң колу" делген Шахло Хайдарова жана тууганы депортация бөлүмүнө жеткирилгени көргөзүлөт.

3-декабрда Стамбул полициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы кылмыштуу топтун мүчөсү жана алдамчылык үчүн Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн Шамил Амировду Стамбулда колго түшүргөнүн министр Йерликая Х баракчасынан кабарлады. Теги дагестандык 44 жаштагы Амировдун шектүү жубайлар менен тымызын иштерге катышканы аныкталган.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн