Кулжа 22, 2025
Убакыт: 00:26
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи өттү

02.10.2021 16:00
1182
Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи өттү


Кечээ, 1-октябрда Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызтандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышты.

Түрк тарых паркында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү - К.Ататүрктүн, М.Э.Расулзаденин, Н.Назарбаевдин, И.Каримовдун, Г.Бердимухамедовдун жана Р.Денкташтын эстеликтери бар.

Маалымат үчүн: Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда турк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү - Ч.Айтматовдун, Махтумкулинин, А. Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн